Агрардык университет студенттер үчүн жаңы мүмкүнчүлүк ачты

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети менен "Оазис Агро" компаниясы кызматташтык меморандумуна кол коюшту.
Окуу жайдан билдиришкендей, документке университеттин ректору Нурзат Тотубаева жана компаниянын башкы директору Лунд Майк Жонатан кол койду.
Макулдашуу билим берүү менен өндүрүштүн байланышын бекемдөөгө, студенттердин практикалык даярдыгын жакшыртууга жана эмгек рыногунун талабына жооп берген адистерди даярдоого багытталган.
Белгиленгендей, өнөктөштүктүн алкагында университеттин билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн компаниянын практикалык тажрыйбасы менен айкалыштыруу пландалууда.