Back

Камсыздандыруу: Баткенде 9 айда дээрлик 8 млн сом төлөндү

Story illustration

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында камсыздандыруу окуялары боюнча жарандарга жана мекемелерге жалпы 7 млн 908 миң сом кенемте төлөндү. Бул тууралуу Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, облуста катталган 100 миң 454 турак жайдын 25 миң 870и камсыздандырылган.

Тогуз айда өрттөн жана табигый кырсыктардан жабыркаган 45 жаранга 4 млн 583 миң сом, жол кырсыгынан мүлктүк зыян тарткан 13 жаранга 1 млн 738 миң сом төлөнгөн. Ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык мүлктү камсыздандыруу боюнча 716 миң 369 сом, авто КАСКО боюнча мамлекеттик мекемеге 870 миң 470 сом кенемте берилген.

"Бул маселелер президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов менен "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ААКтын төрагасынын орун басары Алима Нурланованын жолугушуусунан кийин өткөн жыйында талкууланды. Жыйында калк арасында камсыздандыруунун маанисин түшүндүрүү, турак жайларды камсыздандыруу деңгээлин жогорулатуу жана кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу маселелерине көңүл бурулду",-деп айтылат билдирүүдө.

Back
Share this story

Get the daily newsletter →

Ask globalread.info

AI news & website helper
What would you like to explore?

I can find stories, explain headlines, or help you use globalread.info.

AI can make mistakes. Check the linked sources. Questions are sent to OpenAI.