Back

Чолпон-Атада КМШ коргоо министрлери курман болгон жоокерлерди эскерди

Story illustration

Бишкек, 15.10.26. /Кабар/. Чолпон-Ата шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн коргоо ведомстволорунун жетекчилери Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесин эскерип, Чолпон-Ата шаарын жашылдандыруу иш-чарасына катышты. Бул тууралуу Коргоо министрлиги билдирет.

Маалыматта белгиленгендей, иш-чара бүгүн Ысык-Көл облусунда өткөн мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлер кеңешинин жыйынынын алкагында уюштурулду.

Анын жүрүшүндө делегация башчылары 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучуларына арналган эстеликке гүлчамбар коюшту.

Мындан тышкары, коргоо ведомстволорунун жетекчилери Чолпон-Ата шаарында бак-дарактарды отургузууга катышты.

Back
Share this story

Get the daily newsletter →

Ask globalread.info

AI news & website helper
What would you like to explore?

I can find stories, explain headlines, or help you use globalread.info.

AI can make mistakes. Check the linked sources. Questions are sent to OpenAI.