Күнтүү айыл аймагындагы мектептерге смарт-доскалар тапшырылды
Сокулук районунун Күнтүү айыл аймагындагы үч мектепке заманбап акылдуу доскалар белекке берилди. Бул демилге окуу процессине санариптик технологияларды киргизүүгө жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган.
Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаты Эдита Тайгараева жумушчу сапары менен Күнтүү айыл аймагына барышты. Алар Дооронбеков, Рахманов жана Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектептеринин абалы, окуу процесси жана окуучулар үчүн түзүлгөн шарттар менен таанышты.
Иш сапардын жүрүшүндө депутат мугалимдер жана окуучулар менен жолугушуп, жаш муундарга жылуу каалоо-тилектерин билдирди. Ошондой эле аймактагы ар бир мектепке заманбап смарт-доска белекке берилди.
Гульсина Капарова атындагы жалпы билим берүү мектебинин директору Айдай Джолчубекованын айтымында, жаңы жабдуу сабактарды интерактивдүү форматта өткөрүүгө, окуучулардын кызыгуусун арттырууга жана билим берүүдө санариптик мүмкүнчүлүктөрдү кеңири пайдаланууга шарт түзөт.
Ал мектеп жамаатынын, окуучулардын жана ата-энелердин атынан депутат Эдита Тайгараевага, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиевге, ошондой эле жолугушууну уюштурууга көмөк көрсөткөн айыл өкмөтүнүн башчысы Мирбек Суюналиевге ыраазычылык билдирди.
»
Мектептин орус тили жана адабияты мугалими Бакыт Турсуналиев да смарт-досканын сабак өтүүдөгү артыкчылыктарын белгиледи. Анын айтымында, жаңы технологиялардын жардамы менен видеоматериалдарды, интерактивдүү тапшырмаларды жана үч өлчөмдүү моделдерди колдонуп, окуучулардын теманы терең түшүнүүсүнө өбөлгө түзүүгө болот.
Белгилей кетсек, билим берүү мекемелерин заманбап жабдуулар менен камсыздоо окуу процессин жакшыртууга, мугалимдердин ишин жеңилдетүүгө жана окуучулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган.
Даярдаган: Сайкал Азатбек кызы, Раяна Бейшенбекова
Сообщение Күнтүү айыл аймагындагы мектептерге смарт-доскалар тапшырылды появились сначала на Регионалдык маалыматтык мультимедиалык сайт. .
The full article is being collected. Available text is shown for now.