Токтогул: Кара-Тектир айылында жаңы почта имараты пайдаланууга берилди
Токтогул районунун Кара-Тектир айылында заманбап талаптарга жооп берген жаңы почта имараты курулуп, пайдаланууга берилди. Социалдык мааниге ээ объект Токтогул шаардык мэриясынын демилгеси жана «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемесинин каржылык колдоосу менен ишке ашты. Долбоордун жалпы наркы 1 миллион 621 миң 635 сомду түзөт.
Курулуш иштери аяктагандан кийин жаңы имарат белгиленген тартипте «Кыргыз Почтасы» ААКсынын Токтогул райондук филиалынын балансына өткөрүлүп берилди.
Жаңы почта имараты айыл тургундарына көрсөтүлүүчү кызматтардын сапатын жакшыртып, почта кызматкерлерине да ыңгайлуу шарттарды түзөт. Эми тургундар пенсия жана жөлөкпулдарды алууда, кат-кабарларды жана почта жөнөтүүлөрүн кабыл алууда, ошондой эле коммуналдык төлөмдөрдү жүргүзүүдө жаңы имараттын кызматтарынан пайдалана алышат.
Бул долбоор Токтогул районундагы социалдык инфраструктураны жакшыртууга жана калкка көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн арттырууга багытталган. Ал шаардык мэриянын, «Атайын эсеп» мамлекеттик мекемесинин жана «Кыргыз Почтасы» ААКсынын кызматташтыгынын алкагында ишке ашырылды.
Даярдаган:Азема Сабырбекова
Сообщение Токтогул: Кара-Тектир айылында жаңы почта имараты пайдаланууга берилди появились сначала на Регионалдык маалыматтык мультимедиалык сайт. .
The full article is being collected. Available text is shown for now.