Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалды

«Кызмат» мамлекеттик мекемесинин директору болуп Атканов Нургазы Анаркулович дайындалды. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Буга чейин директорлук кызматты аркалап келген Азамат Жапаров башка ишке дайындалгандыгына байланыштуу ээлеген кызматын өткөрүп берген.
Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев жаңы жетекчини эмгек жамаатка тааныштырып, анын ишине ийгиликтерди жана мекеменин мындан аркы өнүгүшүнө зор салым кошуусун каалады.
The post Нургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалды appeared first on Reporter.kg .