← globalread.info

Reporter.kg · 10/13/2026 · 1 view

Share this story

Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты

Story illustration

Сауд Арабиясынын бийлиги йемендик хуситтердин бир катар чабуулдарынан кийин Эр-Рияд эл аралык аэропортунун ишин токтотуу мөөнөтүн узартты. Бул тууралуу «Би-би-синин орус кызматы» кабарлады. Дүйшөмбү күнү Жарандык авиациянын башкы башкармалыгы король Халид атындагы аэропорттун иши токтотулган мөөнөт узартылганын жарыялады, бирок анын качанга чейин созуларын тактаган жок.

Перс булуңундагы өлкөлөргө каттамдарды аткарган авиакомпаниялардын биринин өкүлүнүн айтымында, Сауд Арабиясынын бийлиги авиакомпанияларга аэропорт кеминде жумушчу жуманын аягына чейин иштебей турганын билдирген. Эр-Рияд метросунун жогорку кызматтагы өкүлү AFP агенттигине аэропортту тейлеген үч станцияга поезддердин каттамы да токтотулганын маалымдады.

Өткөн аптада аэропортко жасалган соккулардын натыйжасында кеминде 18 адам каза болгон. Алардын 13ү ишемби күнкү чабуулдан набыт болгон. Бул өлкөдө акыркы 10 жылдан ашык убакыт ичиндеги эң көп адамдын өмүрүн алган чабуул болду. Жүздөгөн адамдар жаракат алышты.

Сауд Арабиясынын энергетика министри, ханзаада Абдель Азиз бин Салман хуситтердин падышалыктын аэропортторуна жана мунай-газ объектилерине жасаган чабуулдарына «олуттуу» жооп кайтарыларын убада кылды.

«Акыркы апталардагы окуялар олуттуу мүнөзгө ээ. Биздин жооп да ошончолук олуттуу болушу керек», — деди ал Эр-Риядда өткөн Дүйнөлүк энергетикалык конгрессте.

Хуситтер чабуулдарды Йемендин батышындагы өздөрү көзөмөлдөгөн аймактарга каршы жасалган «Сауд Арабиясынын ырайымсыз агрессиясына» жооп катары уюштурганын билдиришти. Хуситтер көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо министрлиги жекшемби күнү Сауд Арабиясынын Йемендин борбору Сана шаарындагы турак үйгө жасаган аба соккусунан бир бала каза болуп, дагы алты адам жаракат алганын кабарлады.

The post Сауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты appeared first on Reporter.kg .

Source: Reporter.kg ↗
Share this story

Ask globalread.info

AI news & website helper
What would you like to explore?

I can find stories, explain headlines, or help you use globalread.info.

AI can make mistakes. Check the linked sources. Questions are sent to OpenAI.